Меню
Эл-Сөздүк

Партийная система

Партиялык тутум

Партийная система

ПАРТИЯЛЫК ТУТУМ – коомчулуктун саясий уюмдашуусун мүнөздөгөн, бир жагынан өзү дагы саясий партиялар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер аркылуу мүнөздөлө турган, экинчи жагынан – партиялардын саясий тутумдар менен жарандардын өзара карым-катнашы аркылуу мүнөздөлө турган институт. Ырасмий тыюу салынгандыгына байланыштуу, болжол менен жыйырма чакты өлкөдө (Бутан, Оман, Катар, Кувейт, Сауд Аравиясында ж. б.) саясий партиялар жок. Калган мамлекеттерде бир партиялуу же көп партиялуу тутумдар бар (кара:Көп партиялуулук). Конституциялык укук илиминде аргандай тутумдар кездешет: бири артыкчылык кылган көп партиялуу тутум – «биржарым партиялуулук» (Япония, Мексика, Швеция), эки жетектөөчү партиясы бар тутум – «эки партиялуу» (АКШ, Улуу Британия), эки жетектөөчү партиясы бар, бирок анын бири такай кыйла майда партия (партиялар) менен түзүлгөн биримдикке таянууга аргасыз болгон тутум – «2 жана 1/2 партиялуу» (ГФР), көп партиялуу тутумдун өзү Франция, Орусия, Кыргызстан). Кийинкисинин өзгөчө түрү катары партиялардын саны мыйзамда бышыкталган тутум (1966–1979-жж., Бразилияда, 1976–1990-жж., Сенегалда, азыркы учурда Нигерия менен Индонезияда жашап турат). Бир партиялуу тутумдар тоталитардык жана өкүмдар бийлик өкүм сүргөн өлкөлөргө мүнөздүү. Мында көп учурларда жападанжалгыз партиянын «жетекчи ролу» конституциялык бышыктоого ээ болот. Азыркы учурда бир партиялуу тутумдар КЭДРде, Вьетнамда, Лаосто, Кубада жашап турат. КЭРде көп партиялуулук сымак тутум жашап турат: чексиз бийликке ээ коммунисттик партия менен бир катарда анын кынк этпестен колдоочу дагы бир канча майда партиялар бар.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Партийная система

Русский Кыргызский
Банковская система Банк тутуму
Система требует реформ Тутум реформалоону талап кылат
Что такое ставка "система"? «Систем» коюму деген эмне?
Эта система требует акты обмена. Бул тутум айырбаштоо иш-аракеттерин талап кылат.
Эта система требует акты обмена. Бул система айырбаштоо иш-аракеттерин талап кылат.
Система реализации лесоустроительных Токой күтүүнү жүргүзүү тутуму
Для армии это единственно возможный система. Аскер үчүн, бул колдоно ала турган бирден-бир систем.
Для армии это единственно возможный система. Анткени бул, аскер колдоно ала турган бирден-бир система.
Это такая система, что разрушает рынки, вы знаете. Бардыгыбызга маалым болгондой, базардын таш-талканын так ушундай тутум чыгарат.
"Система 2/3", в частности, состоит из трех результатов. «Систем 2/3», алсак, үч натыйжадан турат.
Примером такого специального меры является система квот. Атайын чаранын мисалы болуп квота системасы саналат.
Единая система государственного материального резерва КР Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинин бирдиктүү тутуму
Государственный информационная система земельного кадастра Жер жөнүндө мамлекеттик жер-кадастр маалымат тутуму
Единый налог применяется система на территории Кыргызской Республики. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт.
И поэтому это система, разработанная который очень хорошо известен всем. Ошону менен, жалпыга маалым болгон тутум келип чыгат.
"Система" является ставка, которая состоит по меньшей мере из трех событий. «Систем» коюму кеминде үч окуядан турат.
Система, совокупность организованных, упорядоченных бухгалтерских счетов. Тизмектелген, тартипке келтирилген бухгалтердик эсептер системасы, алардын жыйындысы.
Система, которая используется для обработки проведения розничных платежей. Чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана өткөрүү үчүн колдонулган система.
Если вы выбираете и введите "Система", а затем Вы увидите несколько вариантов. Эгер Сиз бул калькулятордо өзүңүз тандап алган системди көрсөтсөңүз, анда бир нече вариант көрөсүз.
Система, которую вы можете выбрать, зависит от количества прогнозируемых исходов. Сиз тандай ала турган систем божомолдонгон жыйынтыктардын санына көз каранды.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: